Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОЛЖҮРҮҮ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ – темиржол унаасынын үзгүлтүксүз иштөөсүнө, ташуу маалында кырсыктарды болтурбоого, ошондой эле күтүлбөгөн кырсыктарды болтурбоого жана темиржол унаасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга багытталган темиржол унаа, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жеке жактардын иш-аракети.